Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого райондогу шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.


Район башчысы шайлоо участокторун иргеп кыдырып, анда Октябрь районунун аймагында 59 шайлоо участогун материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду. Учурда шайлоо участкаларынын даярдыгы 80. %. Объектилерди бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча тиешелүү пландуу иштер жүргүзүлүүдө.


Шайлоо участкаларынын басымдуу бөлүгү шаардын билим берүү мекемелеринде жайгашкандыктан, алардын жетекчилери шайлоо участкаларын шайлоого даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолушту.


Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБдардын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, дароо кабарлаңыздар. Арыздар эртең мененки саат 9:00дөн  18:00гө  чейин төмөнкү номерлер боюнча кабыл алынат:


- Октябрь району: 0 (312) 57-89-00 номери, ошондой эле WhatsApp: (0772) 408-412;
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефону: 1255, 660240.