Ленин районунун акими оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн, анын ичинде туруктуу жашаган жери жок аялдар үчүн баш калкалоочу жайдын иши менен таанышты.

Ленин райондук баш калкалоочу жайы балалуу аялдарды убактылуу жайгаштыруу, бир жолку ысык тамак менен камсыз кылуу жана медициналык кароодон өткөрүү жагынан жардам жана колдоо көрсөтөт. Анда 70ке чейин адам жашай алат, учурда социалдык кызматты 28 адам пайдаланат, анын 16сы балдар, анын ичинде 4 ымыркай бар.

Коопсуздук үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери баш калкалоочу жайда дайыма нөөмөттө турат, ошондой эле №1 БҮМБнун дарыгерлери да керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат.

Үй-жайсыз балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай  Трудовая көчөсү 10 дарегинде жайгашкан.

Толук маалыматты 64-48-71, 0550 546622 телефондору аркылуу алса болот.

Эске сала кетсек, борбор калаанын бардык райондорунда үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды.

1-ноябрдан тарта эки райондо – Свердлов жана Октябрь райондорунда баш калкалоочу жайлар ачылды, ал жакка көптөгөн селсаяктар өз алдынча келип, тамактанып, жылынып, түнөп алышат.

Октябрь райондук баш калкалоочу жайы 12-кичи райондун  А.Токомбаев көчөсүндө, көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашкан жана 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот - райондун социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов кабыл алат.

Свердлов районунда 40 орундуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү  34А дарегинде жайгашкан. Имарат кайра жасалгаланып, терезелери айнектелген, электр жарыгы оңдолуп, керектүү шейшеп, жууркандар сатылып алынды. Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин - Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Биринчи май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу пр. №423 дарегинде 70 орунга эсептелген «Коломто»  муниципалдык мекемеси иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам кызматкерлери муктаж болгондорду баш калкалоочу жайларга жеткириши керек. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо: 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз.

Баш калкалоочу жайларга кайрылгандар  бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбордогу бардык баш калкалоочу жайларда милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турушат.