Ленин районунун акимиаты №1 БҮМБ жана №2 ҮМБ медицина кызматкерлери менен биргеликте К.Карасаев атындагы БМУнун жана Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн жолугушууларды уюштурушту.

Жолугушуу маалыматтык-билим берүү материалдарын таратуу менен окуучуларды жана мугалимдерди эмдөөнүн маанилүүлүгү менен тааныштыруу жана маалымдоо максатында өткөрүлүп,  3 миңден ашык студент катышты.

Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматтарды билип, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Бул багыт боюнча иш-чаралар улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө-коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча эң натыйжалуу ыкма. Эмдөөдөн өтүп өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды илдеттен сактаңыздар!