Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында велосезон жабылды.

Иш-чара “Velofriend Positiv.KG” командасы, «Жашыл Ай» коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Катышуучулар МАИ кызматкерлеринин коштоосунда шаардын көчөлөрүн кыдырып, ар кандай сынактар жана викториналар күтүп турган чогулуу пунктуна кайтышты.

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар, велосипед каскалары жана түрдүү велосипед аксессуарлары тапшырылды. Акырында «Жашыл Ай» коомдук уюму тарабынан Түркияга билетке лотерея ойнотулду. 17 жаштагы велоспортчу Данияр Джанышбеков билеттин бактылуу ээси болду.

Майрамдык салтанатта Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков жана “Velofriend Positiv.KG” коомдук бирикмесинин төрагасы Данил Кыдыралиев сөз сүйлөштү.