Свердлов районунун мектептеринин арасында "Свердлов району Ковидге каршы" аттуу чакырык башталды.

Педагогикалык жамаат жана мектеп окуучулары шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Бул чакырыкка №43чү, №46чы жана №52- орто мектептердин окуучулары жана мугалимдери кошулушту. Алар шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө жана башка мектептерди эстафетага катышууга чакырышат.

Иш-чара коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү колдоо максатын көздөйт.

Эске салсак, мекемедеги “Жашыл аймак” стикери бул мекеменин кызматкерлеринин 70%дан ашыгы коронавирус инфекциясына каршы вакцина алганын көрсөтүп турат.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда эмдөө абдан зарыл, биз сиздерди “Биз жашыл аймактабыз” флешмобун колдоого чакырабыз.
Урматтуу шаардыктар! Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, массалык иш-чаралардан баш тартып, беткап тагынып, антисептик колдонуп, колуңуздарды тез-тез жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар жана эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.