№62 мектеп гимназиясында Баткен баатырларын эскерүүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов жана согушка катышкандар, каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү катышты.

Чакырылгандарга аталган мектептин окуучулары тарабынан даярдалган майрамдык концерт уюштурулду.

1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик милдетин аткарууда курман болгондор эсибизде. Алардын эрдиги ар дайым биздин жүрөгүбүздө жашайт.