Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан «Мыкты троллейбустун айдоочусу» аттуу чеберчилик сынагы өттү.

Мелдеш ишкананын атайын жабдылган Депо-1 полигонунда уюштурулган.

Мелдеш эки этапта өттү. Биринчи бөлүктө айдоочулар жол кыймылынын эрежелери, кызматтык нускамаларды билүү жана троллейбустардын техникалык абалы боюнча сынак тапшырышты.

Биринчи этапта экзамендерди ийгиликтүү тапшырган айдоочулар экинчи бөлүккө кабыл алынып, андан соң тоскоолдуктардан өтүп, троллейбустун рулунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Мелдештин негизги максаты - жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу. Катышуучулар үчүн профессионалдык чеберчилик таймашы өз даражасын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Ал биринчи үчөөнө автоматтык түрдө берилет.

Мыкты троллейбус айдоочусу наамы үчүн 11 айдоочу ат салышты.

Биринчи орунду №14 троллейбустук каттамдын айдоочусу Жаныбек уулу Фархад, экинчи орунду №11 каттамдын айдоочусу Байматов Кубаныч жана үчүнчү орунду №7 маршруттук каттамдын айдоочусу Огонбаев Атай багындырды.

Мындай  иш-чаралар бардык транспорттук ишканаларда дайыма өткөрүлөт.