Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Иманалиев көчөсүндө узундугу 2,166 км болгон таза суу түтүктөрү курулду.

Мындай иштер «Бишкексууканал» башкармалыгынын  макулдугу менен «Бишкек шаарынын түштүк пландоо зонасында магистралдык суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын куруу» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Учурда подрядчы «Инженерная зашита» ЖЧКсы суу түтүктөрүн төшөө иштерин аяктады.

Узундугу 2,166 км болгон Рысмендиев көчөсүнөн Балык Кумар көчөсүнө чейинки бөлүктө 12 см калыңдыкта эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол белгисин орнотуу да пландалууда. Буга чейин асфальттын биринчи катмары төшөлүп, экинчи катмарына даярдыктар көрүлүүдө. Жол куруу иштерин октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, суу түтүктөрүн төшөө боюнча жер казуу иштери аяктагандан кийин, бардык бузулган элементтер подрядчы тарабынан калыбына келтирилет, анын ичинде жолду калыбына келтирүү иштери да жүргүзүлөт.

Буга чейин «Бишкексууканал» башкармалыгы  тарабынан шаардыктардын кайрылуусу менен суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, Иманалиев көчөсүнүн жашоочулары да жаңыланган тармакка кошулган. Ошол себептен асфальт төшөө иштерин кийинкиге жылдырууга туура келген.