Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордогу мыйзамсыз объекттер менен күрөшүүнү улантууда. Бул кырдаалды жеңүү үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы атайын бөлүмү бизге жардамга келет.

Түшүндүрмө иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан контейнердин ээлери өз ыктыяры менен алып кетишти. Натыйжада 48 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

12- кичи районунда күркө демонтаждалды. Асанбай кичи районунда “Оазис” жана “БЫЖЫ” женил типтеги объектилери алынды. Биздин топ 10- кичи районунда Саманчин көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон тосмону алганга жетишти.

Андан тышкары өз ыктыяры менен Маликов көчөсүндө №52 жана №54 үйлөрдүн капиталдык тосмолору алынды. Ал жерде №51 үйдүн ээлери тосмону жана темир дарбазасын өз  каалоосу  менен алып салды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз. Анткени, бул эрежелерди сактоо шаардыктардын да, ишкерлердин да жашоосун жөнөкөйлөтөт.