Свердлов районундагы №5 үй-бүлөлүк медициналык борборунда дарыгер мекемелердин арасында "Биз жашыл аймактабыз" аталышта флешмоб өткөрүлдү!

Флешмоб коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү колдоо максатын көздөйт.

Мекемедеги жашыл аймактын стикери кызматкерлердин 70% дан ашыгы коронавируска каршы вакцинаны алганын көрсөтүп турат.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда эмдөө жөн гана зарыл, муну ар бир медицина кызматкери түшүнүп, ар кандай коллективдерди “Биз жашыл аймактабыз” флешмобуна колдоо көрсөтүүгө чакырат.