Бишкек троллейбус башкармалыгы  троллейбус линияларынын тез -тез бузулуп жаткан себептерин, кайда баруу керектиги тууралуу маалымдайт.

Бишкекте троллейбустун байланыш түйүнүн БТБнын энергетикалык кызматы тейлейт. Кызмат өз ишинин жүрүшүндө шаардын электр тармактарынын диспетчерлери менен тартуучу подстанциялардын тышкы электр энергиясын камсыздоо маселелери боюнча өз ара кызматташат.

Урматтуу шаардыктар! Ток өткөрүүчү зымдын үзүлүүсү кооптуу деп эсептелет. Ошондуктан, линиялар үзүлгөн  жерде, үзүлгөн байланыш зымына же асма элементтерге жакындабоо керек. Биз сизден коопсуз аралыкта болууну жана диспетчердик көзөмөлдөө борбордук кызматына төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранабыз: 0312 657542, 657540. Ошондой эле муниципалитеттин call-борборуна кайрылсаңыз болот: 1840, 1850 жана WhatsApp: 0554 182-185.

Шаардык электр транспорттун  шашылыш кызматы аба ырайына жана башка шарттарга карабай ар дайым ыкчам бузулууларды жоюуга даяр.