Массалык маалымат каражаттарында активист Данияр Өмүрзаковдун борбор калаанын мэриясы шаардыктарга зыян келтирүү үчүн 7,8 миллиард сом кредит алууну пландап жатканы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт.

Бишкек мэриясы ЕРӨБ долбоорунун алкагында 33 миллион евро өлчөмүндө каражаттарды тартуу пландаштырылып жаткандыгын маалымдайт, анын ичинен: грант 41%, 59% "Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын өркүндөтүү" долбоорун ишке  ашыруу үчүн узак мөөнөткө төмөн пайыздык чен жана жеңилдиктер менен  кредит.

АӨБнын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы 50 млн. АКШ доллар суммасындагы “Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорт системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Анын ичинен 50% насыя, 50% грант. Долбоордун алкагында инфраструктураны түзүүгө болжол менен 670 миң АКШ долларын бөлүү пландалууда.

Бул иш экологиялык жактан таза жана жайлуу жүргүнчү автобустарын камсыздоого багытталган, алар газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштейт.

Долбоорлор үчүн каражаттар  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине   берилет, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда кайра каржылоону караган субсидиардык келишим түзүлөт.  Шарттар КРнын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда талкууланат.

Урматтуу шаардыктар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер! Борбор калаанын мэриясы диалог үчүн ар дайым ачык жана учурдагы мыйзамдарга ылайык маалыматты ыкчам түрдө өз убагында берүүгө даяр.

"Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары жарыяланган маалыматтын тууралыгын текшерүүгө жана маалымат булагы менен бирге анын ишенимдүүлүгү үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга милдеттүү.. Маалымат алуу укугун бузууга күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жооп беришет.

Массалык маалымат каражаттары чындыкка дал келбеген басылмаларды чыгарган учурда, Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды такталбаган маалыматтан коргоо үчүн КРнын Жарандык кодексинин 18 -беренесине ылайык, аларды четке кагуу үчүн сот органдарына кайрылууга аргасыз болот.

Биз ошондой эле мындай сөздөр эл аралык уюмдар менен мамилеге терс таасирин тийгизерин белгилейбиз.