24-октябрда саат 9:00дө Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында (түштүк дарбазасы) велосезон-2021 жабуу иш-чарасы өтөт.
Иш-чара Бишкек мэриясынын колдоосу менен Velofriends positive.kg жана "Жашыл Ай" коомдук уюму тарабынан уюштурулууда.
Иш -чаранын программасы: веложүрүш, викториналар, сынактар, суусундуктар, сыйлыктар жана белектер.
Каттоого катышкандардын баары Түркияга жолдомо, 30 велосипеддин бирин жана башка көптөгөн кызыктуу велосипед аксессуарларын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
09:00 - 09:45 Баткен окуясынын жоокерлеринин эстелигинин алдында катышуучуларды чогултуу, каттоо. Каттоо толугу менен бекер.
09:45 - Веложүрүштүн катышуучуларынын түзүлүшү.
10:00 - Баштоо (Түштүк магистраль - Асанбай кичи району жана кайра)
10:45 - 11:00 Финишке келүү (баштапкы чекит).
11:00 - 13:30 Майрамдык жана оюн -зоок бөлүгү. Сынактар жана байге ойнотуу. Иш -чараны жыйынтыктоо, жабуу.
Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерди веложүрүшкө катышууга жана сыйлыктарды утуп алууга чакырабыз. Сиз көптөгөн позитивдүү эмоцияларга, сергектикке ээ болосуз, пикирлештер менен баарлашасыз жана сонун эс аласыз!