Бишкек шаардык кеңешинин жана борбордук муниципалитеттин демилгеси менен Биринчи май районунун башчысы Жамалбек Ырсалиев Токтоналиев көчөсүнүн №6, 6а, 6в, 6б үйлөрүнүн жашоочулары менен жолукту.

Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өттү, анда бардык  тургундар эң курч жана көйгөйлүү суроолорду берип, муниципалитеттин иши боюнча пикирлерин, сунуштарын калтыра алышты.

Негизинен тургундар үйлөрдүн жанаша аймагын жакшыртууну, тактап айтканда тротуарларды, ирригацияны, балдар аянтчасын курууну суранышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматтарга бул маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.