Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев   райондун тургундарын жеке кабыл алды.

Негизинен тургундар райондун аймагын көрктөндүрүү, турак-жай бөлүп берүү боюнча материалдык жардам берүү боюнча маселелер менен кайрылды.

Район башчысы администрациянын компетенциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү кызматтарга тургундардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район акими менен жолугушууга жазылып, үйлөрүңүздүн, көчөлөрүңүздүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь районунун акимияты, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү, 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru