Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн дагы бир сейил бакты уюштуруу пландалууда.

Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин демилгеси менен  паркты уюштуруу жана көрктөндүрүү пландаштырылган аймакта көчмө жыйын өткөрүлдү.

Көчмө жыйынга  "Бишкекбашкыархитектура", "Бишкекжашылчарба", "Бишкекасфальтсервис", "Тазалык" ишканаларынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кызматтарга бул маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.