Алматыда (Казакстан) Казакстан велоспорт федерациясынын байгелери үчүн ышкыбоздор жана ардагерлер арасында «Tour of Kazakhstan – Almaty 2021» веложарышы болуп өттү.

Веложарыш 128 спортчунун арасында үч категорияда өттү - кыздар арасында, эркектер арасында жана ардагерлер  арасында.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектебинен 5 велосипедчи катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

Кыздар арасындагы жалпы эсепте үчүнчү орунду Евгения Березовская ээледи.

Кыздар арасындагы жаш категориясында (18-34) Евгения Березовская биринчи орунду ээледи.

Эркектер арасында (18-34) жаш категориясында Вадим Козлов үчүнчү орунду ээледи.

Жалпы эсепте Дядичкин Александр экинчи орунда.

Эркектер арасындагы жаш категориясында (18-34) Дядичкин Александр дагы экинчи орунду ээлейт.

Веложарыш сергек жашоо образына үгүттөө,   дене тарбия жана спортту жайылтуу, ошондой эле, карапайым калк арасында веложарышты популяризациялоо жана велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Спорттук иш-чараны -  "Казакстан велоспорт федерациясы"жана Алматы шаарынын велоспорт федерациясы уюштурду.

Бишкек шаарынын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт.