Шаардык транспорт башкармалыгында транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын өттү.

Жолугушууда тараптар коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча маселелерди жана пландарды талкуулашты. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жана этика боюнча тренингдер өткөрүлүп, айдоочулардын жол эрежесин сактоосуна көзөмөл күчөтүлөт.

Башкармалыктын кызматкерлери жана жүргүнчү ташуучу фирмаларынын жетекчилиги коомдук транспорттун айдоочуларынын унааны башкарып баратканда уюлдук телефондорду колдонууга, жол кыймылынын эрежелерин бузууга, тамеки чегүүгө, агрессивдүү жүрүм -турумга жана башка эрежелерди, этиканы  бузууга байланыштуу фактыларды фото жана видеого тартуу маселесин талкуулашты.

Шаардыктар бул мыйзам бузууларды автобустардын, кичи автобустардын жана троллейбустардын салондоруна жаздыра алышат, андан кийин видео жана фото фактылар ыкчам карап чыгуу үчүн мониторинг бөлүмүнө жөнөтүлөт.

Бир нече жолу  эреже бузган айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлөт. Алар биринчи эреже бузуу үчүн эскертүү алышат, экинчи тартип бузгандыгы үчүн дисциплинардык жаза алышат, эгер айдоочу эреже бузууну уланта берсе, келишимди бузганга чейин ага карата чара көрө алышат.

Урматтуу шаардыктар! 0 (312) 53-36-48 ишеним телефонуна, 0509 006 611 whatsapp номерине жана Шаардык транспорт башкармалыгынын социалдык тармактардагы баракчаларына мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүнү калтырууңузду  суранабыз:
Instagram - https://www.instagram.com/ugt_meria/?hl=ru
Facebook - https://www.facebook.com/ugt533646