Биз жаңы конуштардын  инфраструктурасын жакшыртууну улантуудабыз.

"Көлмө" конушунда Кулиев көчөсүн бойлой канализациялык тармактардын курулушу толугу менен аяктады.

Канализация тармагынын узундугу 445 метрди түзөт. Бул конушта 30дан ашык үй канализацияга кошула алат.

Канализация тармагын курууда бардык стандарттарга жооп берген материалдар колдонулган. Объект "Бишкексууканал" башкармалыгынын  балансына өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, борбордук мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү "Дрим Строй" компаниясы аныкталган.