2022 -жылы 120 электробустун келишине байланыштуу "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы айдоочуларды жумушка чакырат.

Биздин компаниянын негизги иши - жүргүнчүлөрдү ташуу. Ал эми автобус менен троллейбустун айдоочусу - бул өтө жоопкерчиликтүү кесип, анткени алардын ар бири линияга чыкканда жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна жооптуу болушат.

Ал эми троллейбустун айдоочусунун кесиби азыркы учурда өтө сейрек кездешет.

Мунун негизинде ишкана  2022 -жылга айдоочулук тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес "D" категориясындагы айдоочуларды жана троллейбустун айдоочуларын кабыл алууну жарыялайт.

Ошондой эле БТБ МИ кепилдик берет:
- бекер окуу жана практика;
- расмий жумуш орду;
- социалдык пакет;
- татыктуу эмгек акы;

Маалымат үчүн БТБнын кадрлар бөлүмүнө  0312657590 байланыш номери аркылуу чалыңыздар.