Борбор калаада "Эмдөө алып, өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!" деген ураан менен масштабдуу эмдөө өнөктүгү өткөрүлүүдө.

Бишкектеги ҮМБда эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы боюнча активдүү түшүндүрүү иштери менен бирге, шаарда катталган жана катталбаган калкты бекер медициналык кароо уюштурулган.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 9-сентябрга чейин 6676 адам текшерилген, 4269у тар адистер тарабынан, 3507 изилдөө жүргүзүлгөн (УЗИ, ЭКГ, көзүнүн көрүүсү боюнча)

Эскерте кетсек, коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын тапшырмасы боюнча өлкөнүн бардык аймактарында  2021-жылдын 1-сентябрынан 10-сентябрына чейин кеңири масштабдагы акция өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп жана аралыкты сактаңыздар. Сиздерден өз алдынча дарыланбай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер  ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.