Октябрь акимиатында Бишкектеги дене тарбия жана спорт тармагынын билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине COVID-19га каршы эмдөө боюнча семинар өткөрүлдү.
Ага Бишкектин төрт районунан 152 спорт инструктору, спорт мектептеринин машыктыруучулары жана мугалимдери катышты.
Семинар COVID-19га каршы эмдөө боюнча көп берилүүчү суроолорго жооп алуу, маалымат берүү максатында өткөрүлдү.
Лекцияны Октябрь районунун №2 БҮМБнун үй -бүлөлүк дарыгери - Касымалиева Чолпон Асанкуловна окуду.
Катышуучулар адистерден эң актуалдуу маалыматтарды алып, эмдөө боюнча суроолоруна жооп алышты. Семинардын жыйынтыгында бардыгы эмделди.
Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Эмдөө алыңыздар, өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоңуздар.