Күн сайын муниципалитеттин санитардык -экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүп келет.

Суу түтүк жана канализация тармагына уруксатсыз туташуу фактыны каттоого жетиштик. "Арча-Бешик" конушунун тургуну Мамытов Ч.К. тармакка мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган. Ага  Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 75 -беренесине ылайык протокол түзүлүп, 3 миң сом айып пул салынды.

Жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн "Стекляшка" кафесине, «Донер на углях»  тез тамактануу жайына, "Мега Строй" компаниясына, 4-кичи райондогу "Народный"  дүкөнүнө 70-берене боюнча  айып пул салынды. Беренеге ылайык жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып салуу каралган.

"Тотал" дүкөнүнүн ээси Исмаилова Ш.Н. 71 -берененин 1 -бөлүгү  боюнча, таштандыларды башаламан таштагандыгы үчүн 5500 сом айып төлөйт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Тазалыкты  сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздан жана өрттөбөңүздөр.


Суроолор менен төмөнкү  номерлер аркылуу байланышсаңыз болот:
- Свердлов району - 0551551745;
- Октябрь району - 0505523832;
- Биринчи май району - 0555404818;
- Ленин районун - 0554222213.