Бишкек троллейбус башкармалыгы күз-кыш мезгилине даярдыкты баштады.
Ишкананын административдик имараттарында оңдоо иштери өткөрүлүүдө.
Имараттын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында имараттын ичи-сырты акталып-сырдалды. 75 чарчы метр эски терезелер заманбап пластикалык терезелерге алмаштырылды.
Ошондой эле имараттын инженердик системаларын жана сантехникалык конструкцияларын иретке келтирдик.
№ 2 административдик кеңсесинин эски чатыры жаңы профнастил чатырына алмаштырылды.