Борбор шаардын мэринин тапшырмасы менен, вице-мэр Азат Узаков реконструкция жүрүп жаткан көчөлөрдү текшерүүдө.

Вице-мэр Капиталдык курулуш башкармалыгынын, "Жол сыноо лабораториясы" муниципалдык ишканасынын, "China Road and Bridge Corporation" бөдрөтчү компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте Матросов, Жукеев-Пудовкин, Карасаев жана Кулатов көчөлөрүн текшерип чыкты.

Бул көчөлөр 10-сентябрда жол кыймылы үчүн ачылган, бирок ирригация тутумун жана тротуарды куруу иштери уланууда.

Вице-мэр Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, жолдорду куруу жана реконструкциялоонун сапатын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Эске сала кетсек, “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “China Road and Bridge Corporation” калаанын жолдорун реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.