Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Биринчи май районунун мектептеринин окуу жылына карата даярдыгын текшерди.

Билим берүү мекемелерин оңдоо иштери дээрлик  аяктады.

№27 жана 54, 36 мектептерде чатырлар алмаштырылууда. №28 мектепте жылытуу тутуму, №91 бала бакчада жууну бөлмөлөрү оңдолууда, ал эми №5 бала бакчада балдар аянтчасы жаңыланды.

Бардык иштер график боюнча уланууда жана окуучуларды кабыл алууга даяр.