Октябрь райондук акимиятында мыйзам бузуу учурларын кароо боюнча комиссиясы иш алып барат.

Комиссиянын ишине санитардык -экологиялык инспекциянын, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышат.

Бул жолу 10 протокол түздөн -түз мыйзам бузуучулардын катышуусу менен каралды. Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70,119-1,120, 293 беренелери боюнча жалпы суммасы 62 500  миң сом  айып салынды.

Ал эми 3 протокол кароо комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды, ал эми 1-протокол токтотулду.

Райондун Санитардык -экологиялык инспекциясына жана МАБдарга жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоосу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.