8- сентябрдан 9-сентябрга караган түнү калаабызга сугат суусу Чыгыш ЧЧК, Жогорку жана Төмөнкү Транзит каналдарынан берилип, райондорго бөлүштүрүлгөн.

Таң эртеден баштап “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын  сугатчылары Тыналиев, Сухомлинов, Калык-Акиев, Матыев, Абдрахманов, Исанов, Алма-Атинский, Айтматов, Манас жана Чүй/Манас, Уметалиев менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишин сугарышты.
Ошондой эле Горький, Театральный, Сейтек,  Тагай-Бий көчөлөрү жана 6 кичи райондогу гүлбакчалары сугарылды.  
“Адинай”, Дубовый”, Эркиндик бульвары жана “Ынтымак”  менен “Ынтымак2” парктарында таңкы сугат иштери өттү.

Сугат иштери менен биргиликте күн сайын парктардын ичинде чөптөр чабылып, гүлзарлар оттолуп турат. Токомбаев жана Исанов көчөлөрүндө оттоо иштери өтүүдө.