Т. Сатылгановдун айкелинин  алдында  комуз күнүнө арналган “Таңшы комуз”  иш-чарасы өтүүдө.

Майрамдык салтанатты Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт  жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен биргеликте өткөрүүдө.

Иш-чарага белгилүү комузчулар,   М. Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын,  Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын “Акак” комузчулар ансамблинин,  Эл аспатар оркестри, Балдар искусство мектептеринин  жана П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан-кыздарынын катышуусунда өтөт.

Иш- чара түз эфирде “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу көрсөтүлөт.