Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык -экологиялык инспекциясы  шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Дордой көчөсүнүн төрт тургунуна Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 1-бөлүгүнө ылайык, 7500 сом айып салынды. Алар казуу иштерин ордерсиз (уруксат кагаздары жок) жүргүзүшкөн.

"Бетон Строй" компаниясы дароо эки беренени бузган. Компаниянын транспорттук жабдуулары муниципалдык жерге өндүрүш калдыктарын ыргытышкан, тазалыкты жана чектеш аймакта тартипти сакташкан эмес, бул үчүн аларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 13 миң сомдук протокол түзүлдү. Компаниянын жооптуу кызматерлери күнөөлөрүн мойнуна албагандыгына байланыштуу, иш административдик комиссияда каралат.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар,  таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздар жана  өрттөбөңүздөр, сүйүктүү шаарыбызга кам көрүңүздөр!