"Бишкекжылуулукоэнерго" коммуналдык ишканасынын абоненттери август айында жаңы дүмүрчөктөрдү алышты.

Долбоор «Тезтап» компаниясы менен биргеликте ишти оптималдаштыруу жана абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыгып, азырынча пилоттук режимде иштөөдө.
Типографиялык иштерди «Тезтап» компаниясы жүргүзөт. Дүмүрчөктө муздак суу менен камсыздоо, лифт, жылуулук  кызматтары жана «Газпром Кыргызстан», «Транском» да бар.

Эми шаардыктарга бардык дүмүрчөктөрдүн өзүнчө алып келишин күтүүнүн кажети жок, же алар бир дүмүрчөк алгандан кийин бир эле убакта бир нече эсептерди төлөй алышат.

Биздин текшерүүчүлөр Ленин районундагы абоненттерге таратышат, калган үч районго: Октябрь, Биринчи май жана Свердлов "Тезтап" жеткирет.

Урматтуу шаардыктар! Ыңгайсыздыкты жаратпоо үчүн төлөмдөрдү убагында төлөңүздөр.

Маалымдама: "Тезтап" - бул үй ээлеринин ассоциациясын тейлөө жана жалпы дүмүрчөктөрдү басып чыгаруу менен алектенген санарип кызмат.