Ысык-Көлдүн жээгиндеги Бактуу-Долоноту айылында “Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы” аттуу урааны менен XX эл аралык спорттук Ысык-Көл оюндары өтүп жатат.

Сууда сүзүү боюнча мелдештердин жыйынтыгы боюнча 16 алтын, 9 күмүш жана 3 коло медаль топтолгон. Биринчи орунду Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу “Дельфин” спорт мектеби ээледи.
С.Жуманазаров атындагы Биринчи май районунун спорт мектебинин XX Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын жеңүүчүлөрү жана призерлору:

Аялдар арасы 60 метрге чуркоо:
1 -орун - Данилина Карина жана 2 -орун - Тяпова Ангелина.
60 метрге чуркоо эркектер арасы:
1 -орун - Исаков Тимур жана 3 -орун - Расул уулу Сүймөнкул.
Секирүүчүлөр айымдар арасы:
1 -орун - Тяпова Ангелина, 2 -орун - Данилина Карина.
Секирүүчүлөр эркектер арасы: 1 -орун - Исаков Тимур, 2 -орун - Расул уулу Сүймөнкул.
Айымдар арасы өзөктү  узакка ыргытуу боюнча: 1 -орун - Данилина Карина, 2 -орун - Тяпова Ангелина.
Экекте арасы: 1 -орун - Расул уулу Сүймөнкул, 2-орун - Исаков Тимур.
Микс эстафетасында  Бишкек аарынын командасы 1-орунга ээ болушту.
Эркектер арасы 3000 метрге чуркоо: 2 -орун - Эламан Абылабеков.
Р.Санатбаевдин спорт мектебине келсек, пляж күрөшү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөндөгүдөй болушту:

- 1 -орун - Жусупов Сарыгул (70 кг);
- 3 -орун - Аян Сейитбеков (80 кг);
- 1 -орун - Керимкулов Чыңгыз (90 + кг);
- 2 -орун - Айбек Касманбетов;
- 3 -орун - Чориев Тимур.
Айымдар арасы 60 кг салмакта 1 -орунду Жусупова Нуржас алды.

Стритбол боюнча мелдеште Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын программасынын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу     СДЮШОР СО курама командалары эркектер жана аялдар арасында 1-орунду алышты.
Аялдар жана эркектер арасындагы дартс боюнча мелдеште 1 -орунду Бишкектин спорттук мектеп командасы алды.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорт инструктору Абдумалик кызы Самара 52 кг салмакта пляждык самбо боюнча чемпион болду. Ошондой эле, пляждык самбо боюнча 1 -орунду Ленин районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Амагбеков Азат, 2 -орунду Мусакулов Көлбай, 3 -орунду Бишкек шаардык мэриясынын УФКиСинин спорт инструктору Садыркулов Дөөлөт ээледи.