Түшүндүрүү иштери акимияттын кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ПМКБсы жана Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызметкерлери тарабынан Октябрь районунда айдоочулар арасында 4 -топтогу мүлк салыгын (унаа каражаттарын) төлөө боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Рейддер Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле "Орто-Сай" базарынын айланасында өткөрүлдү.
73 авто унаа текшерилген алардын ичинен 65 мурда төлөнгөн 8 авто унаанын ээлери жеринен терминал аркылуу төлөштү. Иш-чара 4-топтогу мүлккө (транспорт каражаттары) өз убагында салык төлөө зарылдыгы жөнүндө шаардыктарга түшүндүрмө берүүгө багытталган.
Кененирээк маалыматты 116 телефону боюнча алууга болот.