Биз мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин август конференциясын жыл сайын өткөрүп турабыз. Бул жолу конференция №29 мектеп-гимназиянын базасында өткөрүлүп, ага борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева, КРнын билим берүү министри Болотбек Купешев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана мугалимдер катышты.
Катышуучулар "Сапаттуу билим берүү жана окутуу - өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана гүлдөп-өсүшүнүн кепилдиги" темасын талкуулашты.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж.Ж. Иманалиева доклад кылды.
Борбордун вице-мэри Виктория Мозгачева борбордогу билим берүүнүн айрым аспектилерине токтолуп, аларды чечүү үчүн перспективдүү пландарын билдирди.
Белгилей кетсек, катышуучулар борбордук билим берүүнүн жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдүн аткарылышына күбө болушту.