Ленин муниципалдык администрациясында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "Бишкекгаз" филиалынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ага "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын “Бишкекгаз” филиалынын, МАБдардын өкүлдөрү, райондун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары катышты.

Бул жолугушууда абоненттерди газдаштырууга кошуу, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын филиалдарында жаратылыш газы үчүн төлөмдү кечиктирген керектөөчүлөргө туумдарды эсептен чыгаруу боюнча акциялар жана «Атайын казан сатып алып, газды белекке алуу» жайкы акциясы боюнча маселелер каралды.

Эске салсак, 100 куб метр газды белекке алуу үчүн, 2021-жылдын 31-декабрына чейин “Газпром Кыргызстан” ишканасынын  каалаган калкты тейлөө борборуна газдаштыруу үчүн арыз тапшырууңуз керек жана акциянын өнөктөштөрү - KELET же Kazecoдон газ казанын сатып алышыңыз керек.

Жалпысынан, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасынын алкагында, райондун калк жашаган аймактарына 364 км газ түйүндөрү курулду, жалпы 15114 үйгө кошуу пландаштырылган, газга кошулган үйлөрдүн саны 8883.

Ошондой эле Ленин районунун үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары жаратылыш газына кошулбаган абоненттерге кошулуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жаратылыш газы климаттын корголушунун жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнүн талаптарына жооп берген эң таза экологиялык отун катары таанылган.