Армейский көчөсүнүн Кийизбаев көчөсүнөн  Мамбетов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оӊдоодон кийин ачылды.

Көчөнүн узундугу 480 метр, ал эми туурасы 7 метрди түзөт.
Көчөнүн бир жагына жөө адамдар өтүүчү өтмөк, экинчи жагына арык тармагы салынды.
Бул көчөдө №53 мектеп жайгашкан, ошондуктан бириничи кезекте жол белгилери жана чийиндери чийилген.

Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыӊгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктү курууга тоскоолдук жараткан тосмолор кызыл сызыктан чыгып, аны жылдыруу учуру узак убакка созулуп, жумуш кечирээк аяктады.