Свердлов акимиатынын жыйындар залында райондун башчысы Бахтияр Карамшаковдун жетекчилиги астында коллегиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Анын ишине муниципалдык администрациянын аппаратынын жооптуу кызматкерлери, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдын  жетекчилери, кызматкерлери катышты.

Коллегиянын жыйынында райондогу мектептердин 2021-2022 жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча маселе каралды.

Капиталдык курулуш башкармалыгына 2021 - жылдын титулдук баракчасына кирген райондун билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерин 2021-жылдын 15-сентябрына чейин бүтүрүү, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына  авариялык абалдагы дарактарды кыюу иштери тапшырылды.

Өзгөчө көңүл 7 мектептин жана 1 мектепке чейинки мекеменин жер тилкелерине укук берүүчү документтерди даярдоо маселесине бурулуп, жыйынтыгы боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө, райондун билим берүү мекемелерине кызыл китептерди берүү ишин тездетүү тапшырылды.