Октябрь районунун  башчысы  Мирлан Эшкожоев пландык жыйын өткөрдү.

Кеңешмеде Октябрь райондук билим берүү борборунун 2021-2022 жаңы окуу жылына карата даярдыктары,  мектептердин жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун эпидемиологиялык абалы тууралуу маалыматы каралды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча аким  МАБдын башчыларына  коронавирус инфекциясы менен  күрөшүүнү,  № 6 үй-бүлөлүк медицина борборуна калк арасында  эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, райондук билим берүү борборуна бардык мектеп, бала бакчалардагы оңдоо иштерин бүтүрүүнү, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда коронавирустук инфекцияны алдын алуу максатында педагогикалык курамы менен вакцинациялоо боюнча түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү тапшырды.