“Көлмө” жаңы конушундагы Мыскал жана Республика көчөлөрүн реконструкциялоо маселеси боюнча Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиевдин, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Максат Алымбековдун, шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көчмө кеңешме өткөрүлдү.

Көчмө кеңешмеде Мыскал жана Республика көчөлөрүнүн курулуш иштеринин жүрүшү жана курулушка тоскоол жараткан объектилерди карап чыгышты. Аким кызматтарга мыйзамсыз объектилерди алып салуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Көчөлөрдү реконструкциялоо иштери  «Бишкек шаарындагы көчөлөрдү өнүктүрүү жөнүндө» долбоорунун 2-фазасынын алкагында,   Кытай  грантынын каржылоосу менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейбиз.

Жүргүзүлүп жаткан жол иштери боюнча жашоочулардын кайрылуусунун негизинде мурда көчмө комиссия түзүлгөндүгүн эске салабыз.
Долбоор боюнча жолду кеңейтүү пландалган, бирок жашоочулар тоскоол жараткан объектилерди: турак үй, тосмо жана башка курулуштарды алып салууга уруксат беришкен эмес. Ушундан кийин бардык нюанстар талкууланып, кайрадан өлчөө иштери жүргүзүлүп, бир пикирге келишишти. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына Мыскал көчөсүндөгү алып салууга туура келген объектилерди демонтаждоо иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында башчы тарабынан  жол жана тротуарлардын курулушуна тоскоол жараткан Республика көчөсүндө жайгашкан объектилердин жер участокторунун макамын аныктоо жана ошондой эле, аба-ырайынын жагымсыз шарттары жакындаганга чейин курулуш иштерин аяктоону тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.