Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрдү.

Айбек Жунушалиев 17 шаар тургунун кабыл алды. Негизинен, суроолор менчиктештирүү, турак жай бөлүштүрүү, чек араларды аныктоо жана жерди ижарага берүү мөөнөтүн узартуу боюнча болду. Ал ошондой эле куруучулар штабынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Мэрия бишкектиктерди жеке кабыл алууга  алдын ала жазылуусун суранат. Бул көтөрүлгөн маселелердин тез арада чечилишине өбөлгө түзөт.

Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн ишемби күнү жеке кабыл алуу өткөрүлөт.