Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жана аймактык салык башкармалыктарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн түйшүгүн жеңилдетүү үчүн калаанын калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулду.

Шаардыктар салыктарды калкты тейлөө борборлорунда төлөй алышат:

- 12 -кичи району, Нуркамал көчөсү №29 дарегиндеги №1 КТБ;
- Чокон Валиханов көчөсү №2 дарегиндеги №2 КТБ;
- Жаш Гвардия бульвары №4 дарегиндеги №3 КТБ;
- Жибек Жолу проспектиси №381 дарегиндеги №4 КТБ.

Урматтуу шаардыктар! 1 -сентябрга чейин транспорт салыгын, 2 -сентябрга чейин - жер салыгын жана батирлерге, үйлөргө салык төлөөгө шашылыңыздар.