Урматтуу шаар тургундары жана борборубуздун коноктору!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата, өсүп келе жаткан муунга патриоттук, руханий жана адеп -ахлактык тарбия берүү максатында, Бишкек шаардык мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы мыкты куттуктоолорго онлайн сынак жарыялайт.

Конкурстун негизги шарттары:
Сынактын катышуучусу Свердлов райондук администрациясынын Facebook баракчасына жазылууга тийиш https://www.facebook.com/SRABishkek/;
18 жашка чейинки бардык каалоочулар "Мен Кыргызстандын жаранымын" аттуу  сынакка үч номинация боюнча катыша алышат:
- мыкты чийме / кол өнөрчүлүк,
- мыкты видео куттуктоо,
- мыкты автордук куттуктоо

Сынакка катышуу үчүн куттуктоолор +996 700 600 634 номерине жеке билдирүүлөр тиркеме аркылуу кабыл алынат жана Свердлов райондук администрациясынын Facebook баракчасында жарыяланат. https://www.facebook.com/SRABishkek/;
Жеңүүчү эң көп "лайк" чогултуу менен тандалат;
Сынак 20 - августа башталат, добуш берүү 27 - августа саат 15:00дө аяктайт, Сыйлык тапшыруу аземи 31 -августа өтөт.
Сынактын жеңүүчүлөрү үчүн сыйлык фонду бар:
1 -орун - фитнес билериктер, 2 -орун - зымсыз наушниктер, 3 -орун – повер банк.

Куттуктоону жарыялоого канчалык эрте жөнөтсөңүз, ошончолук көп добуш ала аласыз.