Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Бишкектин бульварларынын биринде "Модный Эркиндик" этно коллекциясынын көрсөтүүсү өттү.

Кооз майрамды Бишкек муниципалитетинин колдоосу менен «Байра» мода үйү уюштурду.

Иш-чарага шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева катышты.

Көрсөтүү борбордун конокторунун жана тургундарынын майрамдык маанайын жаратты, ошондой эле уюштуруучулар көңүлдү кыргыз элинин эстетикасына жана маданий өнүгүүсүнө бурушту.

Иш-чара моделдердин авангарддык коллекцияларынын презентациясы менен башталып, андан кийин улуттук, бирок заманбап жана шаардык стилдеги көйнөктөр менен костюмдардагы мода көрсөтүүсү менен коштолду.

Бардык кийимдерди таланттуу жергиликтүү дизайнер Толгонай Байра жараткан.