Красный строителдин жашоочуларынын көп сандаган өтүнүчтөрү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы №17 жаңы автобус каттамын  ишке киргизди.

Автобустар: "Кызыл Строитель- Кызыл -Аскер" (айланма) боюнча каттайт. Транспорттун пландаштырылган чыгуусу 15 автобус.

Жол кыймылы шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн башкармалык тарабынан "Эко Пассажир Транспорт" ЖЧКсы менен биргеликте иштелип чыкты.

Бүгүн, 20 -августта, эртең мененки саат 7:00дөн баштап 8 автобус тесттик  режимде каттай баштады.

Эске сала кетсек, 19 -августта шаардын көчөлөрүндө "Чыгыш автобекети - жугуштуу оорулар ооруканасы" деген жазуусу бар дагы бир №2 жаңы автобус каттамы ишке кирген.