Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнө таанышуу сапарларын улантууда.

20-августта ал "Башкара-Суу" суу алуучу жайында көчмө жыйын өткөрдү.

Айбек Жанышбекович «Бишкексууканал» ӨЭБдин техникалык базасы менен таанышып, таза суу менен камсыздоодо шаардыктарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымдама: "Башкара-Суу"  суу алгычтын аянты 5 гектарды түзөт. Тереңдиги  150 метр болгон 12 артезиан скважина жана бир байкоочу скважина, ошондой эле 2 резервуар, суу түтүктөрүн алмаштыруучу камералар, хлорлоочу жана трансформатордук подстанция бар. Суу алгычтан Орок айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын жана борбор калаанын калк жашаган жерлерин азыктандыруучу эки суу түтүгү бар: Түштүк Орок, Ак-Ордо жана Ак-Өргө конуштарынын түштүк бөлүгү, Арча-Бешик конушунун бир бөлүгү.