Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын № 7 Балдар искусство мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жыйынтыгында № 7 Балдар искусство мектебин талаптарга  ылайык келген башка кенен имаратка көчүрүү маселесин кароо сунушталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы менен биргеликте мекеменин иштеши үчүн кененирээк жайларды берүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды. Анткени искусство мектебинде окууну каалагандардын саны жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу,  мектеп музыкалык билим алгысы келгендердин бардыгын кабыл ала албай жатат. Себеби мектептин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Окуучулар үчүн окуу бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен балдар жер төлөөлөрдө окууга аргасыз. Ата – энелердин көп сандаган өтүнүчтөрүн жана жогорудагы маселелерди эске алып, Маданият башкармалыгы мектепке башка жай бөлүп берүү боюнча сунуш киргизди.

Маалымат үчүн: № 7 Балдар искусство мектеби - Октябрь районунун түштүк райондорундагы искусство мектеби. Анда 350дөн ашуун бала билим алат. Мектептин окуучулары ар кандай шаардык, республикалык жана эл аралык конкурстардын туруктуу жеңүүчүлөрү болуп келишет. Мындан тышкары студенттер жана мугалимдер ар кандай концерттик иш - чараларды өткөрүшүп, классикалык, заманбап жана улуттук музыканы жайылтууга чоң салым кошуп келишет.