Биз жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантуудабыз.
"Көлмө" конушунун Кулиев көчөсүндө канализациялык тармактардын курулушу башталды.
Канализация түйүндөрүнүн узундугу 445 метрди түзөт, алар 30га жакын үйдү камтыйт.
Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча, «Дрим Строй» курулуш компаниясы жеңүүчү табылды.
Курулушту ушул күздө бүткөрүү пландалууда.