2021-жылынын 11-14-августта Дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2009-2010-жылкы Октябрь, Биринчи май жана Свердлор райондорунун өспүрүмдөрү арасында Жайкы Спартакиаданы өткөрдү.

Алты жүздөн ашуун өспүрүм катышкан спорттук мелдеш аркан тартыш, мини футбол, жеңил алетика, роуп скиппинг жана пионербол аттуу спорт оюндары боюнча өттү.

Жайкы спаракиада жыл сайын дени сак жашоо образын калыптандыруу, балдарды системалуу дене тарбия жана спорт менен алектенгенге чакыруу  жана шаардык Спартакиадага катышуу үчүн аймактын күчтүү спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлөт.

Ар бир мелдештин салтанаттуу аземине Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токоноев Нурлан Ысыражидинович катышты.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр шаардык Спартакиадага катышууга мүмкүнчүлүк алышты:

Октябрь аймагы: роуп скипинг –№ 6 МАБ, аркан тартыш –№ 7 МАБ, пионербол –№ 6 МАБ, иини футбол –№ 6 МАБ;

Биринчи май аймагы: мини футбол жана аркан тартыш –№ 12 МАБ, пионербол, роуп скиппинг жана жеңил атлетика –№ 16 МАБ;

Свердлов аймагы: пинербол - №18 МАБ, мини футбол - № 20 МАБ, аркан тартыш –№ 17 МАБ, жеңил атлетика - № 20 МАБ, роуп скиппинг - № 18 МАБ.  

26 -августта Фучик паркында боло турган Ленин районунун өспүрүм балдар арасы боло турган жайкы спартакиада күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, шаардык спартакиада августтун аягында, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлүшү пландалууда.