№16 орто мектептин стадионунда жашаган жери боюнча  2009-2010-жылы туулган балдар жана өспүрүмдөр арасында жайкы спорттук спартакиада  болуп өттү.

Мелдеш спорттун 5 түрү боюнча өттү: кичи футбол, пионербол, аркан тартыш, балдардын жеңил атлетикасы жана роуп скиппинг.

Мелдешке 400 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана сыйлык алгандар диплом, медаль, кубок жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.