Октябрь акимиятында район башчысынын орун басары Өмүрбек Тайтелиевдин төрагалыгы астында мыйзам бузуу учурларын кароо боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Комиссиянын ишине санитардык -экологиялык инспекциянын, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышат.

Бул жолу 6 протокол түздөн -түз мыйзам бузуучулардын катышуусу менен каралды. Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70 жана 71 -беренелери боюнча,  4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 60 миң сом  айып салынды.
Ал эми 2 протокол кароо комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

Райондун Санитардык -экологиялык инспекциясына жана МАБдарга жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоосу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.